Алиясбек Алымкулов Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин, ал эми 2009-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатия академиясын бүтүргөн.
1989-1991-жылдары советтик армияда аскердик кызмат өтөгөн;
1992-1997-жылдары Орусияда жеке ишкердик менен алектенген;
2004-2007-жылдары "Буудай" мамлекеттик ишканасында бөлүм башчынын орун басары;
2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын “Трубалык металлургия компаниясы” ЖАКда расмий өкүл;
2008-2010-жылдары "Эл Газ КДЖ" ЖЧКда директорлор кеңешинин жетекчиси;
2010-жылдын 19-майынан 14-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министринин милдетин аткаруучу;
2010-жылдын 14-июлунан 2011-жылдын 30-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министри;
2011-жылдын 30-декабрынан 2012-жылдын 20-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри;
2012-жылдын 20-февралынан 2014-жылдын декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри болгон.