14- Ноябрь 2003 -жылы
Кыргызстанда толук түстүү гезиттер жарык көрө баштаган
"ММК колдоо борбору" басмаканасынын салтанаттуу ачылышы болгон. Ошол күндөн тартып Кыргызстанда толук түстүү гезиттер жарык көрө баштаган. Салтанатка АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Елизабет Жоунс, Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов сыяктуу бийлик өкүлдөрү катышкан. Басмакананы АКШ Мамлекеттик департаментинин Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросунун финансылык жардамы менен "Фридом Хаус" Эл аралык уюму уюштурган. Басмакана Кыргызстан менен Борбор Азия аймагында чыгуучу маалымат каражаттарына жардам көрсөтүү максатында ачылган.