3- Июль 1987 -жылы
Германиялык автожарышчы Себастьян Феттель төрөлгөн
Германиялык автожарышчы, "Формула-1дин" 4 жолку Дүйнө чемпиону (2010, 2011, 2012, 2013) Себастьян Феттель Германиянын Хеппенхайм шаарында төрөлгөн.
"Формула-1деги" карьерасын 2006-жылы баштап, трассадагы дебютун 2007-жылы АКШнын гран-присинде жаракат алган Роберт Кубиц аттуу автожарышчынын ордуна чыгуу менен жасаган. 2007-2008-жылдары "Toro Rosso" командасы үчүн жарышка чыгып жүргөн болсо 2009-2014-жылдары "Ред Булл" командасы менен иштешкен. Андан соң "Феррари" командасы менен 3 жылдык келишим түзгөн.