5- Июль 1841 -жылы Англиялык Томас Кук биринчи болуп туристтик агенттигин ачкан
Англиялык Томас Кук биринчи болуп туристтик агенттигин ачкан. 
Улуу саякатчы Томас Кук 1808-жылы 22-ноябрда кедей үй-бүлөдө төрөлгөн. 1826-жылы 17 жаш курагында Баптисттер чиркөөсүнүн толук мүчөсү болуп кабыл алынган.
Томас Кук азыркы учурда жеке компанияларды гана эмес, бүтүндөй өлкөлөрдү байытып жаткан эң пайдалуу бизнес түрү - туризмди ойлоп тапкан. Ал көптөгөн Европа өлкөлөрүнө баруучу маршруттарды да ачкан. Анын агенттигинин алгачкы америкалык кардарларынын бири Марк Твен болгону да маалым. 
Кызыктуу фактылардын бири, 1878-жылы Индиянын графы Дафферин Томас Кукка Индиядагы мусулмандар үчүн касиеттүү Меккеге бара турган маршрутту иштеп чыгуу тапышрмасын берип, ал да ийгиликтүү ишке ашырылган.
Томас Кук туризмди ойлоп таап, ал негиз салган туристтик агенттик дүйнө жүзүнө таанылган. Элүү жылдан кийин "Thomas Cook Group" компаниясынын 84 бөлүмү, 85 агенттиги пайда болгон. Жана алардын кызматы менен 3 миллиондон ашык адам пайдаланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан