Жеңил атлетика боюнча КРнын жана СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Сергей Быковский Бишкек шаарында төрөлгөн. Сергей Быковский 1989-жылы КМДТИни бүтүп, 1997-2000-жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинде окуган. 2000-жылы КРнын дене тарбия, спорт комитетинде бөлүм башчы, ал эми 2001-жылы Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча федерациясынын вице-президенти болгон.