Борис Ельцин Орусиянын президенти болуп экинчи мөөнөткө шайланган. Анын бийлигинин тушунда Орусияда эки жолу мамлекеттик төңкөрүш боло жаздап, Чеченстанда эки ирет согуштук аракеттер башталган. Элдин баары 2000-жылды тосууга камданып жатканда, күтүүсүздөн өз бийлигин Путинге өткөрүп берип баса берген Ельцин: "Бүгүн мен силерге акыркы жолу Орусиянын президенти катары кайрылып жатам. Мен чечим кабыл алдым. Ага узак жана татаал ойлордон кийин бардым. Үстүбүздөгү кылымдын акыркы күнү мен кызматымдан кетип жатам", - деген.