3- Июль 2003 -жылы
Орус журналисти жана жазуучусу Юрий Щекочихин каза болгон
Орус журналисти жана жазуучусу, Мамлекеттик Думанын депутаты Юрий Щекочихин сопсоо жүрүп эле бир күнү денесин бүртүктөп чыккан ыйлаак жара каптап кетип, ошонун айынан Москвада 53 жашында тез эле каза болгон. Журналисттин үй-бүлөсү менен достору аны диоксинге ууктуруп салышкан деп эсептешкен. Щекочихин ошо кезде 1999-жылы Москвадагы турак үйлөрдүн бирин жардырган адамдардын сары изине түшүп, иликтеп жүргөнү белгилүү болгон.