4- Июль 1807 -жылы Италия Эл Баатыры, генерал Жузеппе Гарибальди туулган
Италия Эл Баатыры, генерал Жузеппе Гарибальди Ниццада туулуп, 1882-жылы 2-июнда 74 жаш курагында көз жумган.
Ал жаш кезинде Жер Ортолук жана Кара деңиздердеги соода кемелеринде иштеген. Ал эми 25 жашында Гарибальди биринчи жолу "Nostra Signora delle Grazie" аттуу бригантинанын капитаны болгон.
1833-жылы апрель айында Гарибальдинин “Клоринда” кемеси Таганрогко кирген. Ошол жерде Гарибальди саясий эмигрант Жованни Баттиста Кунео менен таанышып, “Жаш Италия” жашыруун коомго кирген. Бул коом Италияны австриялыктардын үстөмдүгүнөн бошотуу, өлкөнү бириктирүү жана республикалык башкарууну орнотуу максаттарын көздөшкөн. 1834-жылы бийликти кулатууга аракет кылышып бирок ал оң жыйынтык берген эмес. Мындан улам Жузеппе Гарибальди Францияга качууга мажбур болгон.
Мекенинде өлүм жазага тартылсын деген өкүм чыгып, Жузеппе Гарибальди көптөгөн жылдар бою качып-конуп селсаяк катары жашаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан