Согуш мезгилинде Москвадагы педагогикалык институтунда аскердик-котормо факультетин бүтүрүп, фронтко жөнөйт. 1943-жылы Украинанын аймагында оор жаракат алган. Владимир Этуш 1953-жылдан баштап кинолорго тартыла баштаган. Биринчи жолу "Адмирал Ушаков" аталышындагы тарыхый тасмага тартылган. Кийин “Кавказ туткуну”, “Иван Васильевич кесибин өзгөртөт”, "12 отургуч", "Буратино" жана башка фильмдерде роль жараткан.
Актердун алгачкы эки жубайы Нинель Мышкова жана Елена Измайлова деген актрисалар болгон. Андан кийин Нина Крайнова аттуу англис тилинен сабак берген мугалимге үйлөнгөн. Экөөнүн бир кызы бар. Крайнова 2000-жылы рак оорусунан улам кайтыш болгон. 2003-жылы актер өзүнөн 43 жашка кичүү Елена Горбунова менен турмуш курган.