6- Май 1961 -жылы Америкалык актёр Жорж Клуни туулган
“Тез жардам”, “Түн киргенден таң аткыча” аттуу тасмалардагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен америкалык актёр Жорж Клуни АКШнын Кентукки штатындагы Лексингтон шаарында туулган. Ал "Охотники за сокровищами", "Гравитация", "Тринадцать друзей Оушена", "Двенадцать друзей Оушена", "Одиннадцать друзей Оушена", "Дети шпионов" жана башка кинолорунда да көрүнүктүү ролдорду жараткан.

2009-жылы Time журналынын тандоосу боюнча дүйнөнүн 100 таасирдүү адамдарынын катарына кирген. Ал актерлуктан сырткары гуманитардык ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп келет. Анын ичинде Судандагы этностор аралык кагылышты жөнгө салуу, 1915-жылдары армяндардын өлүмүн геноцид деп таануу, Гаитидеги жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам берүү сыяктуу коомдук иштер бар. Жордж Клуни 1989-жылы актриса Талия Болсамга үйлөнүп, экөө 4 жыл бирге жашашкан. Андан кийин актрисалар Рене Зеллвегер, Келли Престон, Жулия Робертс, модель Синди Кроуфорд менен сүйүү мамилесин курган. 2014-жылы Клуни менен юрист Амаль Аламуддин баш кошушкан.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан