Ош облусунун Кара-Суу районунда мечиттин имамы кармалып, 48 саатка камакка алынды. ИИМден билдиришкендей, имам жарандарды халифат курууга үндөп, Сириядагы согушка аттанууга чакырык таратканы үчүн айыпталууда. Ал уюлдук телефон жана интернет аркылуу үгүт иштерин жүргүзгөн. Кылмышка шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, экстремисттик маанайдагы китептер жана башка буюмдар табылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканы кабарланды.