Украиналык мушкер, Кличколордун кенжеси Владимир Кличко журналисттер менен курган маегинде агасы менен рингге чыгуусу үчүн 100 миллион доллар сунушташканын айтты. Анын айтымында, миллиард доллар төлөнсө да бул беттеш болмок эмес. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
“Мындай сунушту белгилүү промоутер Дон Кинг киргизген. Ал “мен силерди байытам” деген. Бул жашоодо акчадан да маанилүү нерселер бар. Мен агамды урматтайм”,- дейт мушкер. Анын айтымында, ага-ини Кличколордун рингде беттешпегенинин дагы бир сыры бар. Бул алардын апасына берген убадасына байланыштуу. “Ооба, мен 16 жашымда агам менен спарринг өнөктөш катары рингде беттешкенмин. Анда мен бутумду сындырып алгам. Андан кийин экөөбүздүн ортобузда мушташ болгон жок. Апабызга “биз бири-бирибиз менен мушташпайбыз” деген убада берип, бокс менен машыгууга уруксат алганбыз”,- деп кошумчалайт Владимир Кличко.
Кошумчалай кетсек, Владимир Кличко учурда WBA, IBF жана WBO версиялары боюнча Дүйнө чемпиону. Ал эми агасы Виталий Кличко чоң саясатка аралашып, бокс менен коштошкон. Учурда ал Киев шаарынын мэри.