Кечээ, 9-февраль күнү саат 23:30 чамасында жол кырсыгы катталып, жөө жүрүүчү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Т.Молдо менен Жибек-Жолу көчөсүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу унаасы менен жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабыркаган жаран ооруканага жеткирилген, бирок эсине келе албай каза тапкан. Учурда качып кеткен айдоочу изделүүдө.