Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун аймагындагы Некрасов көчөсүндөгү балдар аянтчасынан асынган жарандын денеси табылды. Учурда анын өздүгүн аныктоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаш жигит балдардын селкинчегине асынып алган. Учурда окуя болгон жерде соттук-медициналык экспертиза тобу иш алып барууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жигит өзүнүн өмүрүнө кол салган, себеби анын денесинен кандайдыр бир жаракаттар табылган эмес.