Ош шаарынын прокуратурасы Араван районунун Нур-Абад айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучусуна кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактык прокуратурага И.У. аттуу жарандын атынан арыз түшкөн. Анда Нур-Абад айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу үй салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө 6 миң сом пара талап кылгандыгы тууралуу айтылган. Ошол эле күнү пара алып жаткан жеринен аталган айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.А. аттуу жаран кармалды. Учурда ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 113-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул иш боюнча иликтөө улантылууда.