Таксистке "балдарыңды эми көрбөйсүң" деп бычак такап коркутуп, унаасын тартып алууга аракет кылгандардын бири кармалды

Чүй облусунда жол-кайгуул кызматкерлери айдоочунун өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин үй-бүлөсүн такси кызматында иштеп багып жүргөн Улан Арыстанбаев 8-февралда саат 20:30 чамасында өзүнүн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен “Манас” кең көчөсүндөгү “Рахат” кафесинин жанынан өтүп бара жатып, кол көтөргөн балдарга токтойт. Алар Дордойго жеткирип коюусун суранышкан. Бирок кардарлар көздөгөн жерине жеткенде айдоочуну коркутуп, ур-токмокко алып, моюнуна жип салып муунтушкан. Өзүн коргогон Уланга бычак такап, колунун булчуң этине сайып жиберишкен. Ошол боюнча унаанын арткы орундугуна отургузуп, бейтааныш балдардын бирөөсү унааны айдап Сокулук тарапка бет алышкан. Жолдо бара жатып Уландан “Канча балаң бар? Аларды эми көрбөйсүң, андан көрө келме келтир!” дешип башка-көзгө ургулашкан. Качуунун амалын ойлогон таксист “машинанын майы түгөнүп, өчүп калбасын, талон бар, ошого бензин куюп алгыла” дегенде алар макул болуп, Сокулук районунун Гавриловка айылындагы май куюучу жайга токтошкон. Бул учурда жабырлануучу каршылык көрсөтүп, кыйкыра баштаган. Муну ошол жерде унаасына бензин коюп жатышкан жол-кайгуул кызматкерлери байкап калышып, жардамга келишкен. Кылмышка шектүүлөрдүн экөө качып кетүүгө үлгүрүшкөн, ал эми 24 жаштагы Автандил кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Таксист: "Кылмышкерлер "сени жок кылып салалы" дешти"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
deva
2015-02-10 10:07:48
Ушулардыкы өттү, акмактар, же өздөрү иштешпейт, же иштеп оокатын өткөрүп жаткан адамды жөн коюшпайт. Кыргыздын эркектери не болуп баратат, кичинекей кыздарды зордуктап, ал гана эмес эркекти зордуктап. Дагы уялбай патриотпуз деп башка улуттун жигиттери менен сүйлөшкөн кыздарды жазалап коюшат. Өзүңөрдү биринчи күзгүдөн карап алсаңар сонун болмок. Билем, баарыңар андай эмессиңер, бирок ушуга окшогон жигиттерди тарбияласаңар аябай сүйүнмөкмүн
+11
Compact
2015-02-10 10:27:57
Былчылдатышкан экен.
0
EdikoKG
2015-02-10 10:49:14
ХХХ ХХХ ХХХ качырбай. Мыкаачылар.
0
admin_portal
2015-02-10 10:51:46
EdikoKG - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
+2
jigit.paren
2015-02-10 10:49:32
мен да жумуштан кийин такси болуп иштейин деп удача таксиге кирип жаткам кечинде твдан коргондон кийин уйдогулор ата энем аялым кой айланайын кереги жок ачка калсак да такси болбой эле кой дешти. Мен да оюмдан кайттым тынч эле жашайын деп.
+1
kulik
2015-02-10 10:52:22
ХХХ ХХХ элдин алдына алып чыгып, эртен эле чыгып кетет булар, анан да турмого олтурган кундо да канчалаган акча кетет буларды бакканга мамлекеттен

+1
admin_portal
2015-02-10 11:19:41
kulik - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
kairat.78
2015-02-10 11:02:58
Алган айлыгымдын аздыгына байланыштуу мен да жумуштан кийин тункусун таксовайт этем. Мындай окуялардан кийин иштеш коркунучтуу болуп калды, бирок башка айла жок, уй-булоону багыш керек. Кудай сактасын деп коюп кечкисин таксовкага чыгып журом. Таксист байкелер-инилер-достор, сак болгула, бири биринерге жардам берип, каралашып жургуло.
+6
shutUP
2015-02-10 11:48:48
ХХХ ХХХ!!! ХХХ ХХХ!ХХХ эле айтып турат ХХХХ экениннерди!

ПС: Таксовать эткендер, жанынарга ХХХ же электрошокер ала жургуло, анан созсуз турдо видеорегистратор койуп алгыла, мумкун болсо экини койуп алгыла, бироосун алдынкы лобовойго, экинчисин арттагыга, артка койгон видеорегистраторду болушунча жашыруун кылып койгула
0
admin_superstan
2015-02-10 11:52:35
shutUP, эскертүү!
Этика нормаларын сактап, жаргон сөздөрдү колдонбоңуз жана провокация жаратпаңыз.
-2
killer5
2015-02-10 12:44:00
где логика? машинаны саталбаса, кенири шаарда минип журо албаса.Бандиттер кичине ойлонуп эсептеп,камалып кетишини элестетип анан иш кылсанар.
+1
kairat.78
2015-02-10 15:40:43
Одноклассники сайтында таксист Уланды МАИ кызматкерлери эмес, 1236 такси кызматынын таксисттери сактап калган деп жатышат.
0
kairat.78
2015-02-10 15:41:36
Пишут очевидцы,что его сами свои таксисты спасли а не ДПС
Посмотрите видео там Нападение на таксиста Бишкек.
вот комент оттуда-
(LoVe)Лю ТвО (YoU)УлЫбКу 14:53 Вот козлы не стыдно вам врать? а пострадавшему Улану тоже хочу сказать что ты ХХХ! Дело было не так таксиста спас мой жездеша его же коллеги службы такси 1236. а то что награду присвоили нашим милиционерам позор и бред. Улану тебе не стыдно врать ведь тебе спасли жизнь !!!!! куда мир катется
0
admin_superstan
2015-02-10 15:59:00
kairat.78, курамы окшош сайттарды жарыялоого, шитеме калтырууга тыюу салынган! 5 күн БАН!
-2
Ariet7
2015-02-10 16:02:52
менин комментим кана?
+1
admin_superstan
2015-02-10 16:15:25
Ariet7, саламатсызбы!
Сиз бул кабарга комментарий жазган эмессиз.
-3
as-salam
2015-02-10 16:56:53
буларды кармап омур бою эркинен ажыратыш керек ушундай кылмыш болсо да кийин башкасына да кол салышат
0
taku0214
2015-02-10 20:22:45
Качып кеткен экоону да тезирээк кармаш керек дагы бир таксистке кол сала элегинде.
0
nurik2103
2015-02-11 00:12:31
Ушундай чычымдар куйгузотда мени, тынч еле журушпойбу деймда, ыштанына чалынбай
0
Boldukan86
2015-02-11 01:05:19
nurik2103, кулкуну келтиресинда. Башты иштетип иш жасашса баары табылат. Мээси жоктордун ишида. камап салышсын.
0
admin_superstan
2015-02-11 10:02:26
Bilalbil, этиканы сактап, жеке суроону купуя менен жөнөтүңүз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан