Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен жүргүнчү жана жаш бала жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Хонда Фит үлгүсүндөгү унааны айдап бараткан 23 жаштагы айдоочу Мазда үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен Хонда үлгүсүндөгү унаанын 38 жаштагы жүргүнчүсү жана 6 жаштагы бала жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.