Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот ишинде бир катар күбөлөр көрсөтмө беришти

Бүгүн, 8-февралда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот ишинде бир катар күбөлөр көрсөтмө беришти. Абдизаип уулу Жумакадыр аттуу күбө укук коргоо кызматкерлери элге кол көтөрбөгөнүн билдирип, буларды кошумчалады: "3-октябрь күнү митингдеги элге "Ак үйдүн короосуна киргенге болбойт дедим, бирок алардын колунан арматура, таяк көргөн жокмун, жарым сааттан кийин өздөрү эле таркап кетишти". Ал эми Максат Рахмидинов аттуу күбө: "Элдин арасынан жана биздин жоокерлерден жаракат алганын байкабадым, бирок Замир Сабаевдин бети-башы канап жүргөнүн көрдүм",- деди. Ошондой эле ок атылган үндөрдү укканын айтты. Айта кетсек, күбө катары Улуттук Гвардиянын өкүлдөрү көрсөтмө беришти.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан