Жылнаама, 11-февраль: Мындан 3 жыл мурун америкалык ырчы, актриса, продюсер, фотомодель Уитни Хьюстон 48 жаш курагында дүйнө салган

* Мындан 23 жыл мурун, 1992-жылы америкалык актёр Тэйлор Даниель Лотнер АКШнын Мичиган штатында төрөлгөн. Көпчүлүк чыгармачыл кесиптештеринен айырмаланып, ал келечекте актёр болууну кыялданган эмес. 6 жашынан “Фабиано” каратэ мектебине бара баштаган. Бир жылдык машыгуусунан соң каратэ боюнча өткөн мелдеште жеңүүчү болууга жетишип, ал тургай 7 жолку чемпион Майк Чаттын өзүнөн сабак алууга мүмкүнчүлүк алган. Каратэни мыкты өздөштүрүп, көп өтпөй каратэ боюнча эл аралык мелдеште өз өлкөсүнүн намысын талашып, өспүрүмдөр арасында курал менен өнөр көрсөтүүдө чемпион болуп, 3 алтын медаль жеңип алган. Окутуучусу Майк Чат 8 жашар баланын актёрдук да жөндөмү бар экенин сезип, “уулуңар жарнамаларга тартылып, тасма жаатында өзүн сынап көрүшү керек” деп Тэйлордун ата-энесин көндүргөн. Ал 9 жашында алгачкы жолу “Менин жубайым жана балдарым” (“Моя жена и дети”), “Берни Мактын шоусу” (“Шоу Берни Мака”), “Дэнни-арбак” (“Дэнни-призрак”) аттуу сериал, телешоулорго тартылган. Жаш баланын шыгын продюсерлер да көз жаздымда калтырышкан эмес. 2008-жылы "Күүгүм" мистикалык тасмасына тартылууга сунуш алып, тасмада Жейктин образын жаратуу үчүн атайын машыгуудан өтөт. Анткени режиссёрдун талабы боюнча Жейкоб Блэк булчуңдуу жана күчтүү болушу керек эле. Режиссёрлор Тэйлордун чачын өстүрүп, күчтүү болуп чыга келишине ишенишпей, Жейкобдун ролуна башка да талапкерлерди сынап көрүшкөн. Анткен менен кыска убакыттын ичинде 13 килограммга толуп, тартуучу топту таң калтыра алган.
 
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Михаил Горбачёв, канзаада Чарльздын кийимдерин тиккен англиялык дизайнер Ли Александ МакКуин 40 жашында өзүнүн үйүндө асынып калган. Ага 2-февралда дизайнердин апасы көз жумуп, ошондон улам Ли Александ МакКуин депрессияга кабылгандыгы себеп болгону айтылып келет.
 
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Египетти 1982-жылдан бери башкарып келген Хосни Мубарак үч жумага созулган массалык каршы чыгуулардан соң бийликтен кеткен. Египеттин Жогорку административдик сотунун чечими менен Хосни Мубарак башкарып келген Улуттук-демократиялык партия таратылган. Алардын штаб-квартирасы турган имараттан баштап бардык мүлкү мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Мындай чечимин өлкөдөгү сот "Мубарактын режими кулатылса да, анын негизги куралы болгон партиянын иштегени – акылга сыйбаган иш" деген жүйөгө такаган. Египет мыйзамдарына ылайык, Жогорку административдик соттун чечимдеринин үстүнөн арыздануу укугу каралган эмес. Ошондуктан акыркы чечим катары саналган. Партия көпчүлүк тарапкерлеринен айрылып, жетекчилик кызматтагылар камакка алынышкан. Алардын көпчүлүгү “паракорчулукка байланыштыгы бар” деп күнөөлөнүшкөн. Ал эми Мубарактын өзүнө адам укуктарын бузгандыгы, кызмат абалынан пайдаланып, өлкөдөгү коррупциянын өнүгүшүнө жол бергени жана “Тахрир” аянтындагы демонстранттардын өлүмү үчүн кылмыш иши козголгон.
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы америкалык ырчы, актриса, продюсер, фотомодель Уитни Хьюстон Лос-Анжелестин “Беверли Хиллтон” мейманканасында 48 жаш курагында дүйнө салган. Уитнинин жуунуучу бөлмөдө жаткан чала жан денесин анын жан сакчылары көрүп, “Тез жардам” чакырышкан, бирок баары кеч болуп калган. 
Уитни Элизабет Хьюстон 1963-жылы 9-августта АКШнын Нью-Жерси штатындагы Ист-Оранж шаарында төрөлүп-өскөн. "Гиннесстин рекорддор китебинде” Уитни Хьюстон эң көп сыйлыктардын ээси болгон артист катары жазылып калган. Анын сыйлык, наамдары жалпы 411ге жеткен. Башкасын айтпаганда эле, ырчы, актриса 2 “Эмми”, 6 “Грэмми”, “Billboard” журналынын 30 атайын сыйлыктарынын ээси болгон. Анын альбомдору жалпысынан 170 миллион нускада сатылып, бул жаатта да эң алдынкылардын катарында болгон. 
11-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан