
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Бишкек гарнизондук аскер соту экс-президент
Курманбек Бакиевди 24 жылга сыртынан соттогон. Ал эми
Жаныш Бакиевдин мүлкү конфискацияланып, өмүр бою эркинен ажыратылган жана генерал-лейтенант аскер наамы алынган. Ага-ини Бакиевдер 2009-жылы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн КРнын Президентинин аппаратынын мурдагы жетекчиси
Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш жообуна тартылышкан.

* Мындан 107 жыл мурун, 1908-жылы автоунаалардын биринчи дүйнөлүк жарышы Нью-Йорк шаарынын "Таймс-сквер" аянтынан старт алган. Алты автоунаа адегенде Сан-Франциского жетип, ал жерден кеме аркылуу Японияга, андан дагы кеме менен Орусияга келишкен. Жарыштын катышуучулары Орусиядан чыгып, андан ары Европа шаарларын аралап, сапар 26-июль күнү Парижде соңуна чыккан. Биринчи автоунаа жарышынын жеңүүчүсү
Жорж Шустер 88 күн рулду башкаргандыгы маалым болгон.
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы АКШнын Нью-Жерси штатындагы Ньюарк шаарынан Нью-Йорк штатындагы Буффало шаарын көздөй жол алган Bombardier Dash 8 учагы Буффалого жакын жайгашкан Клэренс шаарында турак үйдүн имаратына урунган. Учакта болгон 49 киши жана үйдүн ээси каза болгон.

* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы "Ванкувер-2010" Кышкы Олимпиадасында Уистлер чана-трассасында даярдык учурунда 21 жаштагы грузиялык
Нодар Кумариташвили кырсыкка учураган. Трассанын соңку имерилишинен чананы башкара албай калып, 140 чакырым-саат ылдамдык менен бетон тоскоолдукка урунган. Эсин жоготкон спортчу тезинен ооруканага жеткирилип, бирок доктурлар аны өлүмдөн арачалай алышкан эмес.