Жылнаама, 13-февраль: Мындан 1 жыл мурун Мексиканын Сонора штаты жаңы төрөлгөн балдарга ысым коюуда 61 атка тыюу салган мыйзам кабыл алган

* Мындан 75 жыл мурун, 1940-жылы кыргыздын чыгаан кинорежиссёру, жазуучусу жана коомдук ишмери Дооронбек Садырбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда) туулган. Дооронбек Садырбаев режиссёрдук кылган даңазалуу "Махабат дастаны" тасмасы 1983-жылы тартылган жана кыргыз көрүүчүлөрүнүн жылуу баасына арзыган. Жазуучунун айрым юмордук аңгемелери (маселен, "Сатин көйнөк" - "Ситцевый бумеранг" аңгемеси) 30дан ашуун тилге которулган. Кыргыз акыны Алыкул Осмонов тууралуу кинороманы Москвада орус тилинде чыккан. 1992-1993-жылдары Чеченстанда, Иракта, Грузияда болгон. Жохар Дудаев, Гамсахурдия сыяктуу саясатчылар менен маек куруп, кийинчерээк алар тууралуу макалаларын кыргыз тилинде жарыялаган. Түркияда да "Ихлас фильм продакшн" киностудиясында иштеп, үйрөнчүктөргө кино өнөрү боюнча сабак берген учурлары болгон. Кийинчерээк эл-жерине кайтып келип, 1994-жылдан 1995-жылга караган кышта оппозициячыл саясатчы катары шайлоого катышып, жеңишке жетишкен. Ошондон тартып көзү өткөнчө ал Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты (1995-2008) болгон. Ал эми 2008-жылы 28-майда Дооронбек Садырбаев 69 жашында оорунун айынан каза тапкан.
 
* Мындан 81 жыл мурун, 1934-жылы Чукотск деңизинде атактуу советтик “Челюскин” кемеси музга кысылып талкаланып, 2 сааттын ичинде сууга чөгүп кеткен. Кемеде болгон 104 кишинин баары муз үстүндө калып, 2 айдын ичинде куткарылып бүткөн. 
* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы "парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган" деп өкмөттү күнөөлөп чыккан Казакстандын саясий, мамлекеттик ишмери Алтынбек Сарсенбаев өлтүрүлгөн. Маркум Алтынбек Сарсенбаевдин, анын айдоочусу менен жан сакчысынын сөөктөрү Алматынын четиндеги Талгар районунун аймагынан табылган. Алар ок жеп каза табышкан.
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Мексиканын Сонора штаты жаңы төрөлгөн балдарга ысым коюуда 61 атка тыюу салган мыйзам кабыл алган. Аталган аттардын тизмесине Гитлер, Рембо, Бургер-Кинг, Терминатор, Жеймс Бонд, Бэтмен, Twitter, Facebook жана башкалар кирген. Мыйзам жаш балдардын кийинки жашоосунда ысымынын айынан коомчулукта шылдың болуп калуунун алдын алуу болуп саналган.
13-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2015-02-13 00:28:14
Мексиканын мыйзамы жакты, ушуну биз да турмушубузда колдонуп, эреже кылып алсак болчудай экен.Бизде каалаган ысымдарды коё беришет го: Усама бен Ладен, Феликс, ж.б. Ысым өз тилиңде эле, түшүнүктүү болгону жакшы го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан