Босния жана Герцеговинанын борбору Сараево шаарында “Алтайдан баштап Балканга чейинки түрк дүйнөсү” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү. Иш-чара Сараевонун 31-Кышкы фестивалынын алкагында уюштурулуп, аземдин ачылышына "Түрксой" уюмунун жетекчиси Дюсен Касеинов катышты.
Фестивалда Кыргызстандын атынан ырчылар Салима Балтаева жана Кубат Тукешов чыгармачылыгын тартуулашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 10-февралда Салима айым билдиргендей, иш-чарада ырчылар комузда, ооз комузда кол ойнотуп, кыргыздын салттуу музыкалык аспаптары менен тааныштырышты.
Ал эми көргөзмөдө 16 түрк тилдүү мамлекеттен алынып келинген сүрөтчүлөрдүн 33 эмгеги орун алды. Алардын арасында кыргыз сүрөтчүлөрү Жаныбек Бердикеев, Халида Шимова жана Адылбек Байтерековдун эмгектери коюлду.