Жылнаама, 14-февраль: Мындан 21 жыл мурун советтик киши өлтүргүч Андрей Чикатило өлүм жазасына тартылган

* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы орусиялык ырчы жана актриса Юлия Савичева Орусиянын Курган шаарында туулган. Юлия 5 жашынан эле "Светлячок" деген аталыштагы хореографиялык топто ырдап жүргөн. Биринчи жолу 4 жашында чоң сахнага Макс Фадеевдин "Конвой" деген рок-тобу менен чыккан. Юлияны элге тааныткан ырлары: "Корабли" жана "Высоко". "Высоко" деп аталган ыры 2003-жылы "Песня года-2003" фестивалынын финалына чыккан. Орусиянын эстрада ырчысы Юлия - "Фабрика звёзд-2" теледолбоорунун жана "Евровидение-2004" сынагынын катышуучусу.
 
* Мындан 21 жыл мурун, 1994-жылы советтик киши өлтүргүч Андрей Чикатило өлтүрүлгөн. 1978-жылдан 1990-жылга чейин 53 адам өлтүргөнү далилденген (өзү 56 адам өлтүргөнүн моюнуна алган, оперативдик маалыматтар боюнча 65тен ашык өлтүрүүлөр болгон). Ал "Кутурган жырткыч", "Ростов ич жаргычы", "Кызыл ич жаргыч", "Токой тилкесинен чыккан өлтүргүч", "X жараны", "Шайтан", "Советтик Жек ич жаргыч" деген аттарга конгон. 
Эң биринчи курмандыгы 9 жаштагы Елена Закотнованы 1978-жылы 22-декабрда өлтүргөн. Еленаны зордуктап, муунтуп, үч жолу ичине бычак менен сайган. Кийин белгилүү болгондой, Чикатило Еленаны өзүнүн (үй-бүлөсүнө билгизбей сатып алган батирине) үйүнө "сагыз берем" деп алдап киргизген. Тергөө маалында өзүнүн айтканы боюнча, ал жөн эле "тентектик кылып" коюуну көздөгөн, бирок ал кызды чечиндире баштаганда, кыз ыйлап, кыйкырык салган. Чикатило кошуналар угуп калат деген ойдо аны муунткан. Муунтуп жатканда кыздын чыгарган үндөрүнөн ал ырахат алып, зордуктаган. Бир жыл өткөндө ал 17 жаштагы кызды өлтүрүп, андан кийин сериялуу өлтүрүүлөрдү баштаган. Акыркы курмандыгы 22 жаштагы Светлана Коростик болгон. 
1990-жылы 20-ноябрда Чикатило колго түшүрүлүп, 14-ноябрда сот аны өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм чыгарган. Өлүм жазасын ала электе Чикатило Борис Ельцинге кылмыш жазасынан куткарууну суранып кат жазган. Суранычы четке кагылып, 14-февралда Чикатило өлүм жазасына тартылган.
* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы Шотландиянын борбору Эдинбургда илимий институтта жашаган дүйнөдөгү алгачкы клондолгон жаныбар - 6 жашар Долли өпкө оорусунан катуу жабыр тарткандыктан, ветеринарлар консилиуму атактуу койдун жанын чыгаруу тууралуу чечим кабыл алышкан. Долли 1996-жылы Эдинбургдагы Рослин институтунда чоң койдун клеткасын түгөйлөштүрүү аркылуу пайда болгон.
* Мындан 11 жыл мурун, 2004-жылы Москвадагы "Трансвааль-парк" спорттук комплексинин чатыры урап түшкөн. Ал убакта имараттын ичинде 400гө чукул адам болгон. Каза болгондордун саны 28ге жетип, алардын 8и жаш балдар болгон. Ал эми ар кандай жаракат алгандардын саны 193 адамды түзгөн.
14-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан