Кыргыз эстрада ырчысы Жумагүл Райымжан кызы Түркия, Малайзия, Америкада өтчү музыкалык фестивалдарга катышууга белсенүүдө. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
Маалым болгондой, фестивалдар Түркия, Малайзия мамлекеттеринде март айында, Америкада август айында орун алат.
“Фестивалда кыргыздын желегин желбиретип, өнөрүмдү тартуулайм. Кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын коштоосунда жандуу үн менен салттуу чыгармаларды аткарам. Фестивалдар салттуу музыканы талап кылгандыктан, оркестр менен барууга туура келет. Ал үчүн демөөрчү издеп жатабыз. Буга чейин чет элдик фестивалдарга демөөрчүлөрдүн жардамы менен барып келгем. Мында да табылып калат деген үмөттөмүн”,- дейт ырчы Жумагүл Райымжан кызы.