Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Миржан Айырбек кызы жаш окурмандарды ар тараптуу өнүгүүгө үгүттөп, оригами жасоо боюнча мастер-класс көргөздү. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда аталган китепканадан билдиришти.
Кагаздан ар түрдүү нерселерди жасатуу менен адамдардын аң-сезимин, колунун эптүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөкчү болгон 7-класстын окуучусу Миржан Айыбек кызы - Улуттук китепкананын активдүү окурманы.