Бишкекте студенттер мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 18 миң сом чогултуп беришти

Бишкектеги Президенттик башкаруу академиясынын демилгечи студенттери мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелерине таандык "Эне эмгеги” кайрымдуулук фондунуна акчалай жардам көрсөтүштү. Демилгечи студенттердин бири, 4-курстун студенти Жалын Жээналиевдин айтымында, аталган академиянын студенттери 18 300 сомду бир аптанын ичинде чогултушкан. Өз кезегинде “Эне эмгеги” фондунун жетекчиси Индира Сыдыкова студенттерге ыраазычылыгын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан