Борбор калаада жүргүзүлгөн "Көпөлөк" рейдинин алкагында милицияга сойкулук менен алектенген 52 кыз алынып келди. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына Адамдарды соодалоо жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Адилет Илипбеков билдирди.
"Январь айынын соңунда жүргүзүлгөн рейддин алкагында борбордогу Ибраимов көчөсүнөн милицияга сойкулук менен алектенген 61 адам алынып келген. Иликтөө иштеринин алкагында алардын 52си сойку, алтоо сутенёр жана 3 жаран аларды ташып иштеген айдоочу экени аныкталган. Ошондой эле сойкулук менен алектенгендердин арасында жашы жете элек кыз бар экени да белгилүү болгон",- дейт ал.
Белгилүү болгондой, учурда ал жерди иштеткен К.Ы. аттуу айымга карата "жашы жете элек кызды сойкулукка тартуу" боюнча кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды.