Борбордо балдардын селкинчегине асынып алган жарандын өздүгү тактала элек

Бүгүн, 10-февралда эртең менен Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун аймагындагы Некрасов көчөсүндөгү балдар аянтчасынан асынган жарандын денеси табылган. Азыркы тапка чейин анын өздүгү жана аты-жөнү тактала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев билдирди. 

"Эртеден бери маркум табылган жердин айланасындагы жайгашкан үйлөрдүн тургундарынын баары суралып чыкты. Бирок аны тааныган же билгендер табыла элек. Ошол себептен улам маркумдун аты-жөнү да такталбай жатат. Учурда анын өздүгүн аныктоо иштери дале улантылууда",- деди О.Казабаев. 

Эске салсак, бүгүн эртең менен балдардын селкинчегине асынып алган жаш жигиттин денеси табылган. Окуя болгон жерге барган соттук-медициналык экспертиза тобу ал өзүнүн өмүрүнө кол салганын айтышкан. Себеби анын денесинен кандайдыр бир жаракаттар табылган эмес.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sumaya
2015-02-10 18:16:17
Эх Аллахым арам олумдон сактай гор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан