Ноокен районунда эл аралык издөөдө жүргөн жаранга мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берилгени аныкталды

Ноокен районундагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берилген. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, айдоочулук күбөлүк алган жаран өзгөчө оор кылмыш боюнча 2010-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн. Ал 2014-жылы Орусияда кармалган. Анын жанынан 2013-жылы аталган департамент тарабынан берилген айдоочулук күбөлүк табылган. Бирок кармалган жаран 2013-жылдын 1-январынан бери Кыргызстанга кирген эмес.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан