Бишкек шаарында эки күн жүргүзүлгөн рейддин алкагында мас абалдагы 17 айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейд 5-февралдан 7-февралга чейин жүргүзүлгөн. Анын алкагында эч кандай документи жок унаа айдап жүргөн 4 айдоочу кармалып, 618 административдик протокол түзүлүп, 32 айдоочу унаасынын терезелерин караңгылаткан үчүн токтотулган. Ошондой эле айып пул төлөөчү жайга 114 унаа токтотулган.