ИИМдин коомдук мүнөзгө каршы кылмыштарга күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "жашы жете элек кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурап жүргөн" деген шек менен эки аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына Адамдарды соодалоо жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Адилет Илипбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы М. кызы М. аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал өзүнүн М. кызы Ж. аттуу жашы жете элек сиңдисин узак убакыттан бери сойкулук менен алектендирген Нагима жана Чика аттуу аялдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Ушул сыяктуу арыз менен милицияга 39 жаштагы Т.Уркуя аттуу айым да кайрылган. Ал Нагима жана Чика аттуу аялдар Ж. кызы Н. аттуу жашы жете элек кызын узак убакыттан бери сойкулук менен алектендирип келишкендигин билдирген. Бул фактылар боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 260-беренеси (жашы жете элек кызды сойкулук менен алектендирүү) боюнча кылмыш иш козголду.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмыштарга шектелип Кемин районунун 37 жаштагы тургуну С.Нагима жана Жалал-Абад облусунун 23 жаштагы тургуну Т.Чынара кармалды. Иликтөө иштеринин алкагында кармалган Чынара аттуу айым мурда 234-беренеси (ээнбаштык) боюнча соттолгондугу аныкталды.
Учурда кармалган айымдар Свердлов райондук соту тарабынан убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.