Бишкекте 10 жаштагы кызды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын 29-ноябрында Бишкек шаарынын Курчатов көчөсүндө белгисиз айдоочу Лексус унаасы менен 10 жашар кызды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабыркаган мектеп окуучусу №3-балдар ооруканасына жеткирилген. Учурда кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган А.Элмира кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.