Орусиядагы атышуу учурунда жабыркагандардын бири каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, маркум оор абалда ооруканага келип түшкөн.
Айта кетсек, окуя 7-февралдан 8-февралга караган түнү Москва шаарындагы “Бишкек түнү” кафесинде болгон. Ошол учурда кафеде 70 адамдын катышуусунда ырчылар Алишер Тоотаев менен Болот Токтобаевдин концерти болуп жаткан. Сырттан кыргыз улутундагы 15 адам кирип, кимдир бирөөнү издешкен. Жарым саат өтпөй кафенин алдында 30-40 адамдын ортосунда уруш чыгып, ок атылган. Анын кесепетинен бир адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.