Борбордогу өрт кырсыгы катталган кафенин 100 чарчы метр чатыры толугу менен күйүп кетти

Борбор калаадагы Жибек-Жолу - Турусбеков көчөсүндө жайгашкан кафенин 100 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына КРнын ӨКМнын Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин жетекчиси Нуржан Осмоналиев билдирди.  

"Бул өрт кырсыгы тууралуу маалымат саат 16:56 чамасында келип түшкөн. Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп бөтө элек. Өрттүн кесепетинен аталган кафенин жайкы аянтчасынын чатыры күйүп кеткен. Учурда ал жерде өрт өчүрүүчүлөр иш алып барышууда. Өрттүн келип чыгуусуна эмне себеп болгондугу эртең аныкталмакчы",- деди Н.Осмоналиев. 

Айта кетсек, бүгүн саат 17:00 чамасында "101" кызматына билдирүү келип түшкөн. Анда борбордогу "Бишкек" аталышындагы кафе өрттөнүп жатканын билдиришкен. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azura
2015-02-10 21:05:21
Проезжала мимо.биздин пожарниктердин темпи менен толук куюп кетпегенине тобо...былкылдашат
+1
Azura
2015-02-10 21:07:41
Азыр баары: у них опасная работа.ал эле бул эле дейсинер.но мен жанынан кордум...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан