Бишкекте "өгөй кызын экинчи жолу зордуктоого аракет кылган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына күч органдарынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 10-февралда милицияга арыз менен 21 жаштагы кыздын энеси кайрылган. Анда ал 2012-жылы Караколдон анын кызын өгөй атасы зордуктап койгонун айткан. Бирок кыз аны айтпастан, жашырып келген. Өгөй атасы кечээ да аны зордуктоого аракет кылганда кыз качып кетүүгө үлгүргөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 42 жаштагы Нарын облусунун тургуну кармалды. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.