Бишкек шаарында айдоочу унаасы менен жөө адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ эртең менен Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан айдоочу Ибраимов көчөсүнөн жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Оор жаракат алган жабырлануучу №4-шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.