Борбордогу Көк-Жар жаңы конушунан зордуктоого шектелген 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 21 жаштагы А.А. аттуу кыз кайрылган. Анда ал 9-февраль күнү үйүнө бараткан кезде белгисиз жаран күч колдонуу менен зордуктап койгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы К.И. аттуу Сокулук районунун тургуну кармалды. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери улантылууда.