Аида Салянова: "Отставкага кетишимдин себеби - президенттин мага көрсөтүп келген колдоосунун жоголушу"

Башкы прокурор мамлекет башчынын колдоосу жок коррупция менен жалгыз күрөшө албайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда маалымат жыйынында мурунку башкы прокурор Аида Салянова билдирди. "Башкы прокурор кызматында иштеген мөөнөтүмдө мага каршы чыккандар мени кызматтан кетирүүгө ар кандай терс ыкмаларды колдонушту. Булар: коркутуулар, шантаж, негизсиз айыптоолор. Бирок саясий интригалардан менин принциптерим жогору болду",- деди Салянова.
"Менин кызматтан кетүүмө негизги себеп - президенттин мага көрсөтүп келген колдоосунун жок болуп калышы. Менин чоң-чоң пландарым бар болчу, бирок президент тараптан колдоо сезбей калдым. Башкы прокурор эффективдүү иштеши үчүн өлкө башчынын колдоосу болушу зарыл",- деп белгиледи Салянова.
"Коркутуулардан улам акыркы катымды жазып, катып коюуга аргасыз болдум" дейт Аида Салянова
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан