Борбордо жол кырсыгынан 1 жана 5 жаштагы балдар жаракат алышты

Бишкек шаарында катталган жол кырсыгынын кесепетинен 2 жаш бала жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 9-февраль күнү Субару Легаси жана Хонда Аккорд үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн. Катуу соккудан улам Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаа жолдо бараткан Лексус 470 үлгүсүндөгү унааны барып сүзгөн. Анын кесепетинен Лексустагы 1 жана 5 жаштагы эки бала ар түрдүү жаракаттарды алып, №3-балдар ооруканасына жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuru95kg
2015-02-11 11:13:44
Кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан