7-февралда Бишкек шаарынын Хмельницкий көчөсүнүн жашоочусу, 45 жаштагы А. Абат аттуу аялдын үйүн тинтүү учурунда 7 даана экстремисттик-диний мүнөздөгү китептер табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, бул күнү Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын ыкчам иликтөө кызматкери тарабынан аталган жарандын үйү тинтүүгө алынган. Учурда бул окуя боюнча Бишкектин Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгы тергөө иштери башталганын билдирди.