Борбордо "кыздар менен таанышып, уюлдук телефондорун уурдап жүргөн" деп шектелген жаран кармалды

Борбор калаада "кыздар менен таанышып, уюлдук телефондорун уурдап жүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кармалган жарандын үстүнөн шаардын тургундарынан 7 арыз түшкөн. Жабырланган кыздардын айтымында, кылмышка шектүү алар менен социалдык түйүндөр аркылуу таанышып, жолуккан соң ар кандай шылтоолор менен уюлдук телефондорун алып, изин суутуп кетчү. Учурда кылмышка шектүү 22 жаштагы А.Койчиевдин башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экени аныкталууда. 

Эгерде бул жарандан жабыркагандар болсо, 102 же 0705 77-43-77, 0772 75-53-58 номурларына кайрылыңыздар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан