"Башкы прокурор болуп турганда мага карата коркутуулар көп болду",- деп билдирди 11-февралда маалымат жыйынында мурунку башкы прокурор Аида Салянова. Акыркы коркутуулар тууралуу экс-башкы прокурор буларды айтты: "Бир нече күн мурун мени кайтарган мамлекеттик күзөтчүлөр алынды. Мындай көрүнүш, балким, мага карата коркутуу чыгар... Коркутуулар болууда, өзүмдү коргоп жатам. Алар кайсы тараптан болуп жатканын билем. Ал тургай коркутуулардан улам акыркы катымды жазып, ыңгайлуу жерге катып коюуга аргасыз болдум".