Бишкекте “унаалардын айнектерин сындырып, ичиндеги баалуу буюмдарды алып кетип жүргөн” деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте “унаалардын айнектерин сындырып, ичиндеги баалуу буюмдарды алып кетип жүргөн” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам унаасынын айнегин сындырып, портфелин уурдап кеткенин айткан. Мындан улам келтирилген чыгым 6 миң сомдун тегерегин түзгөн. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Равил Максүтов кармалган. Анын мындан башка дагы ушул сыяктуу фактыларга катыштыгы бар экени аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sabyr1977
2015-02-11 11:40:15
Менин да машинамдын жургунчу жак айнегин сындырып телефон.аялымдын сумкасын алып кетишкен болчу.сумканын ичинде 9800 сом.жана 17000 сомдук аялымдын алтын чынжыры жоголгон болчу.Ушуга окшогон бироо алдыда аны.А балким ушул кылгандыр.мындайлардын колун сындырыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан