Кара-Көлдөгү сатылып кеткен бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, бала бакчанын имараты 1997-жылы бир катар мыйзам бузуулар менен “Ротор” ишканасына сатылган. Ал эми Жалал-Абад райондор аралык соту имаратты мамлекетке кайтаруу чечимин чыгарган.