Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Ноокен райондук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын кызмат адамдары каржы-бухгалтердик документтерин жасоо жолу менен 398 400 сом акча каражатын ээлеп алышкан.
Учурда “кызмат абалынан пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” жана “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.