“Талас жылуулук менен камсыз кылуу” ишканасынын кызмат адамдары “бухгалтердик жалган документтер аркылуу 63 872 сом акча каражатын ээлеп алышкан” деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.