“Курманжан датка” тарыхый тасмасы орусиялык “Ника” сыйлыгына көрсөтүлдү

"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2014-жылдын супер тасмасы" наамынын жеңүүчүсү аталган “Курманжан датка” тарыхый тасмасы орусиялык “Ника” сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу "Айтыш-фильм" киностудиясынын басма сөз катчысы Чолпон Идрисова бүгүн, SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, тасма “КМШ жана Балтия өлкөлөрүндөгү мыкты фильм” номинациясына көрсөтүлүп, ага 4 мамлекеттин тасмалары ат салышууда.

"Курманжан датка" фильмине салым кошкон ар бириңиздерди жана тартуучу топту куттуктайм. Мына эми номинант болдук, буюрса, лауреат болобуз”,- деди Садык Шер-Нияз.

Белгилей кетсек, SUPER.KG порталындагы жылдын мыктыларын аныктаган сурамжылоодо аталган фильм "Жылдын супер тасмасы" наамын алса, башкы ролду жараткан Элина Абай кызы "Жылдын супер актрисасы" наамына татыктуу болду. Ошондой эле тасмада Алымбек датканын образын жараткан Азиз Мурадиллаев "Жылдын супер актёру" наамын багындыра алды.

“Ника” кинематографиялык улуттук сыйлыгы 1987-жылы СССРдин Кинематографисттер секретариаты тарабынан бекитилген. Ал кинематография тармагындагы абройлуу сыйлыктардын бири болуп саналат. Сыйлыктын негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси - режиссёр Юлий Гусман.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
stimyl.kg
2015-02-11 13:23:11
Жок дегенде ушул наамга илешип калса экен.
+1
Саби
2015-02-11 13:42:38
Кино башка улуттагы адамдарга тушунуксуз болсо керек дейм.Бул менин жеке пикирим сюжеттери ото кыска тартылган кичине тушунуксузуроок.
0
bakyt_2015
2015-02-11 14:01:11
Ыраматылык Сабира Кумушалиева тируу болуп Курманжан датканын ролун ойногондо катырат эле чиркин. Сенарийин Т.Касымбековдун жазуусунун негизинде тузгондо мыкты фильм болот эле менин оюмда.
+1
alai81
2015-02-11 14:15:52
Оа биз окуп коруп жургон учун тушунуп алдык,башкаларга билбейм кандай тушунушот ото эле кыскартып койушкан.
+1
Ergeshev.77
2015-02-11 22:54:18
Кызыксынар го кыска болуп калган деп тескерисинче биз Курманжан датканын тарыхын билген учун кыска. Аны толук тартса султан сулаймандын сериалынан да узун кино болмок . Рахмат сиздерге чыгармачылык топ ушул кино учун! Акбаранын коз жашынан бери эми жакшы кино тартылды
+1
makwell
2015-02-11 23:50:21
ар кимдин оз ою бар мага такыр жакан жок бул кино...мындан коро баягы 50сомго арналган 5минутук кыска тасманы коруп аябай толкунданам азыр да,журок тититеп..а бул кинодо эч кандай маныз жок экен..70милион кети дешет..1милиондон азын вертолетко сарптаса тоолорду укмуш кылып тартмак тим эле,а бул киного менимче 10милиондон ашыкча сарптаган эмес.
+1
kama_future_millioner
2015-02-12 04:13:42
Ийгилик наамгаа татыкту болуп калсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан