Борбор калаада бир ай мурун жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, январь айынын ортолорунда Токтогул - Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен БМВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамды сүзүп, качып кеткен. Оор жаракаттарды алган жабырлануучу ооруканалардын бирине жаткырылган болчу. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында аталган унаанын 19 жаштагы айдоочусу кармалды.