Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 8-февралда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго таштанды заводун курууну сунуштады. Бул тууралуу ал Бишкек мэриясында өткөн жылды жыйынтыктоочу коллегиялык жыйында билдирди. Премьер-министр мэрияга таштанды көйгөйүн чечүүнү тапшырып, такай ишембилик өткөрүп туруусун айтты. Ар бир аткаминер өз аймагына жооп берүүсү керектигин айткан өкмөт башчы "Бишкектин бардык жеринде таштанды, тазаланган эмес. Бул биз үчүн көйгөй, ал эми өнүккөн өлкөлөрдө – бизнес жана киреше алып келүүчү булак",- деди ал. Ал эми мэр Иса Өмүркулов бул маселе быйыл толугу менен чечиле турганын айтты.