Орусияда кыргызстандык жаран жумуш берүүчүнү бычак менен сайып салганы үчүн 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын июль айында кыргызстандык 43 жаштагы жаран нан бышыруучу жайга жумушка орношкон. Ошол эле жылдын күз айларында нан бышыруучу жай жабылып калган. 12 миң рубль айлыгын ала албай калган жаран жумуш берүүчүнү базардан жолуктуруп калып, карызын сураган. Бирок ал карызын бергендин ордуна кыргызстандык жаранды бетке чапкан. Буга ачуусу келген жаран жанындагы дарбыз саткан жайдан бычак алып, ачуусуна тийген адамды бычак менен сайып калууга жетишкен. Андан көп өтпөй кыргыз жараны полиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Учурда иш сотко жөнөтүлгөн. Адистердин баамында, кыргызстандык жаран 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.